Төрага Дастанбек Жумабековду Сауд Арабияга кимдер коштоп кетти?

Окуялар тизмеги 17 Фев 2020 10:44
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган делегация Сауд Арабия Королдугуна расмий иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Расмий иш-сапардын алкагында Сауд Арабиясынын Королу Салман бин Абдельазиз Аль Сауд, Аш-Шура Мажлисинин төрагасы Абдулла бин Мухаммад бин Ибрахим Аль Аш-Шейх жана Курчаган чөйрө, суу жана айыл чарба министри Абдулрахман А.Альфадли менен эки тараптуу жолугушуулар өтөөрү күтүлүүдө. Андан тышкары, парламенттик делегация Соода палатасынын директорлор кеңешинин төрагасы Ажнан Аль-Ажнан менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт жана Сауд Арабия Королдугундагы Кыргыз Республикасынын элчилигинин жаңы имаратына барышат.

Төраганы депутаттар Мирлан Бакиров, Айбек Алтынбеков, Өмүрбек Бакиров, Акылбек Жапаров, Канатбек Исаев жана Абдимуктар Маматов коштоп кетишкен.

Ошондой эле делегациянын курамында өкмөт өкүлдөрү менен Кыргызстан мусулмандарынын Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев бар.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.