Шайлоо-2020: Шаарларда убактылуу каттоого жапырт турушу боюнча милиция териштирүү баштады

Окуялар тизмеги 17 Фев 2020 16:29
0 ой-пикир

Ошто жергиликтүү шайлоо алдында убактылуу каттоого турган жарандардын кескин көбөйгөнүнө байланыштуу прокуратура Ош шаарынын паспорттоштуруу жана жарандарды каттоо бөлүмүнүн жетекчисин мындай окуяларга жол бербөөгө чакырды. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлайт.

«Ошто шайлоо алдында жогорку окуу жайынын окутуучулары студенттерден каттоого туруш үчүн паспортторун талап кылганы тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына кабарлар чыккан. Анда окутуучулар бул үчүн студенттердин окуусуна жардам берери айтылган”, —  деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.

Аталган факт Ош ШИИБ тарабынан Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 39-192 «Добуш сатып алуу» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

2020-жылдын 1-январынан 11-февралына чейин шайлоо өтө турган шаарларга аймактардан келип каттоого турган жарандар көбөйгөн.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов 13-февралда парламент жыйынында билдиргендей, Караколго 2797, Балыкчыга 489, Майлуу-Сууга 272, Токмокко 6950, Ошко 33 805 жаран аймактардан барып каттоого турду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, юрист Атыр Абдрахматова мындай убактылуу каттоону жергиликтүү кеңештерге шайлоого камынган айрым саясий партиялар атайын уюштуруп жатканын айтып чыккан. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары да буга тынчсыздануусун билдиришүүдө.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 16-февралда тараткан маалыматта айтылгандай, 12-апрелде өтө турган жергиликтүү кеңештерге добуш берүүчү шайлоочулардын баштапкы тизмеси түзүлүп бүттү. Ага 340 479 шайлоочу катыша алат. Бул жалпы шайлоочулардын 10% түзөт.

Боршайкомдун маалыматына караганда, 12-апрелде добуш берүүгө шайлоо укугу бар, катталган жерине жараша жана биометрикалык каттоодон өткөн жарандар катыша алат.

Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын аймактарындагы 26 айылдык кеңештин жана Каракол, Балыкчы, Токмок, Ош, Майлуу-Суу шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 12-апрелинде өтөт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.