Борбор калаада #Бишкектүтүн аттуу көргөзмө өтөт

Окуялар тизмеги 17 Фев 2020 11:15
0 ой-пикир

Борбор калаада шаардагы абанын булганышына арналган #Бишкектүтүн аттуу көргөзмө болот. Иш-чарага бардык каалоочулар катыша алат.

Уюштуруучулардын маалыматына караганда, Бишкектеги абанын булганышына байланыштуу сүрөт, фотография, плакат жана башка чыгармачылыгы бар, деги эле борбор калаа атмосферасына кайдыгер эмес адамдар «Ала-Тоо» аянтына чогулушат.

Иш-чара 20-февраль күнү, саат 12:00до өтөт.

Белгилей кетсек, АКШнын Кыргызстандагы элчилиги орноткон «Airnow» жабдуусунун декабрь айындагы көрсөткүчү боюнча, Бишкек дүйнөдөгү абасы эң булганыч шаарлардын катарына кошулган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.