Адахан Мадумаров чукул кайрылуу жасады

Окуялар тизмеги 16 Фев 2020 12:35
0 ой-пикир

Адахан Мадумаров коомдогу саясий кырдаалга байланыштуу чукул кайрылуу жасады. «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери жергиликтүү шайлоонун алдында жарандар аймактардан келип, шаарларга чукул каттоого туруп жатышын мамлекеттик деңгээлдеги саясий коррупция катары баалады.

Адахан Мадумаров Кыргыз журтчулугуна кайрылып, ант ургур арам ойлуулардын акыркы кездеги кылык-жоруктарына токтолду!Биз сыноолордон сынбай өтөбүзбү?Деги элге окшоп өнүгөбүзбү?? Же өнүгө албай жүрүп жоголобузбу?http://BUTUN.KG

Опубликовано Жони Таалайбековым Пятница, 14 февраля 2020 г.

Эске сала кетсек, Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын аймактарындагы 25 айылдык кеңештин жана Каракол, Балыкчы, Токмок, Ош, Майлуу-Суу шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 12-апрелинде өтөт.

Шайлоонун алдында жарандар аймактардан келип, шайлоо өтүүчү шаарларга массалык түрдө каттоого туруп жаткандыгы белгилүү болгон.

Мисалы, Мамлекеттик каттоо кызматы Ош шаарында 2020-жылдын 1-январынан баштап 11-февралына чейин 33 миң 805 адам жаңы каттоого турганын расмий айткан.

Мындай убактылуу каттоону жергиликтүү кеңештерге шайлоого камынган айрым саясий партиялар атайын уюштуруп жаткандыгы айтылып, катуу талкууга түшкөн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.