Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда Курсан Асановдун ишине байланыштуу алгачкы соттук жыйын өттү. Эми иштин негизи боюнча сот 28-февралда башталат. Анда жабырлануучу катары мурдагы вице-премьер-министр Жениш Разаков көрсөтмө берет. Асановдун жактоочусу Икрамидин Айткулов ага карата козголгон иштер бириктирилгенин жана чала тергелип калганын «Азаттыкка» билдирген.
«Сотко өткөрүлгөн иш чала тергелген. Асановду айыптоого багытталган иште ойдон чыгарылып жазылган» — деди Айткулов.
Ошондой эле 14-февралдагы соттук отурумда Асановдун камактагы айдоочусу Дамирбек Пайзылда уулун үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүч четке кагылды. Алгачкы соттук жыйынга Курсан Асанов, анын айдоочусу Дамирбек Пайзылда уулу, «Чындык» (Chyndyk.kg) сайтынын редактору Турсунбек Бейшенбеков жана мурдагы вице-премьер-министр Жениш Разаков катышты.