Ширин Айтматованын жолдошун камакта кармоо мөөнөтү узартылды

Окуялар тизмеги 14 Фев 2020 16:52
0 ой-пикир

Экс-депутат Ширин Айтматованын жолдошу Сыргак Кенжебаевдин камакта кармалуу мөөнөтү узартылды. Бул туурасында Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Чечим кечээ, 13-февралда кабыл алынган. Сыргак Кенжебаев №1 Тергөө абагында 20-апрелге чейин отурат.

Эскерте кетсек, 20-декабрда Айтматованын жолдошу Сыргак Кенжебаевди Алматынын аэропортунан кармап кетишкен. ИИМ менен УКМКнын маалыматына караганда, ага эки кылмыш иши козголгон. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны тергөө учурунда №1 тергөө абагында кармоо чечимин чыгарган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.