Баткенде мыйзамсыз алынып келген спорттук кийимдер кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.
Бажы кызматынан белгилешкендей, спорттук кийимдерди Кыргызстандын С.А.С аттуу жараны алып келе жаткан.
«Анын унаасын текшерүү учурунда баасы 3 млн 878,6 миң сомдук спорттук кийимдер табылган. Айдоочу алынып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес», — деп билдиришти Бажы кызматынан.