Өзбекстанда Маале жана үй-бүлө министрлиги түзүлөт. Бул тууралуу «Азаттык Радиосу» жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, жаңы министрлик Аялдар кеңешинин, Жарандарды башкаруу органдарынын ишин координациялоо боюнча республикалык кеңештин жана «Нуроний» фондунун ордуна түзүлөт. Жаңы мекеме маалелердин 40 миңден ашуун кызматкерлеринин жана республикалык деңгээлдеги мекемелердин башын бириктирет.
Буга байланыштуу маале жана үй-бүлө маселелери боюнча Каракалпакстан Республикасынын Министрлер Кеңешинин, Ташкент шаарынын, облустардын жана райондордун башчыларынын орун басарлары пайда болот.
Маале жана үй-бүлө министрлиги Ички иштер министрлиги менен тыгыз иштешет. Бирок эркин байкоочулар Өзбекстанда аткаруу бийлигинин ыйгарым укугу ашкере кеңейип баратканын айтып жүрүшөт.