Валентина Шевченко беттештерден 6 айга четтетилди

Окуялар тизмеги 13 Фев 2020 14:34
0 ой-пикир

UFC уюмунун чемпиону, кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко алты айга беттештерден четтетилди. Бул тууралуу, чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, дарыгерлердин комиссиясынын чечими менен ал беттештерден 7- августка чейин катыша албайт. Бирок Шевченконун кандай жаракаттардан улам четтетилгени азырынча сыр бойдон калууда.

Ал 9-февралда америкалык мушкер Кэтлин Чукагянды үчүнчү раундда нокаут менен утуп, UFC уюмунун 247 турниринде 57 килограмм салмактагы чемпиондук наамын үчүнчү ирет коргоп калган.

Анын атаандашы Кэтлин Чукагян 46 күнгө убактылуу беттештерге катыша албайт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.