Сабыр Жапаров: Садыр менен соодалашыш үчүн, карындашым Райкүлгө жасалма кылмыш ишин козгошкон

Окуялар тизмеги 12 Фев 2020 22:03
2 ой-пикир

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровдун бир тууган агасы Сабыр Жапаров үй-бүлөсүнүн айланасындагы ар түрдүү маалыматтар тууралуу кайрылуу таратты. Кайрылууну ал Фейсбук баракчасына жарыялады. 

«Урматтуу мекендештер!
Биз, Жапаровдордун үй-бүлөсү бирөөнү жамандап, курулай каралагандан дайыма алыс жүрөбүз. Бизди каралап жаткандарды карап туруп, кээде жооп да бергиң келбейт. Себеби, ал пенденин деңгээлин көрүп туруп, бул адамга теңелбей эле коёлучу, Кудай өзү таразалайт деп коёбуз. Бирок жакындан бери Болот Байкожоев деген пенде чыгып алып, карандай калптарды айтып, биздин үй-бүлөнү каралап жатат. Жооп бербей эле коёлу десек айрым адамдар ишенип алышат экен. Ошондуктан жалпы журтка Болот Байкожоевдин чыныгы жүзүн ачууга туура келди. 20 жылдан бери бул пендеге теңелбейли деп келгенбиз.

1993-жылы 14 юридикалык фирма чогулуп Ысык-Көл Инвестбанкты ачып, Байкожоевди председатель кылып шайлашкан.

2001-жылы Баш прокуратура тараптан банкка иш козголот. Себеби, депутаттыгына чиренип, миллиондогон сом госпошлина жашырып, төлөбөй жүргөн экен, анысынын баары билинип, ашмалтайы чыгып калат. Ишти ошол мезгилдеги прокурорлор Канат Аманкулов менен Учкун Каримовдор тергеген. Алар жакшы билишет.

Ал убакта бир тууган карындашым Райкүл Жапарова ошол банкта вице-президент болуп иштейт эле. Болот Байкожоев карындашыма «сени көп болсо 500 киши тааныйт, мени бүткүл Кыргызыстан тааныйт, иштин баарын мен кылгам деп сен өз мойнуңа алып түрмөгө отуруп тур, мен сени кийин чыгарып алам»- дейт. Албетте карындашым көнбөйт. Биз, Садыр иним экөөбүз Болот Байкожоевке кирдик. Болот байке, мунуңуз болбойт, пошлинаны «как положено» төгүңүз дагы таза иштеңиз-дедик. Албетте ал бизге ар кандай «нотацияларды» окуп кирди. Биз болбойт деп, чыгып кетип калдык. Карындашым ошондон кийин, 2001-жылы жумуштан өз арызы менен бошоп кетти. Ошол күндөн баштап Болот Байкожоев бизди көрөйүн деген көзү жок, туш келди жамандап жүрөт. Анын миллиондогон госпошлина төлөбөй жашырып жүргөнү үчүн биз күнөөлүү эмеспиз да.

2005-жылы банкта биздин акциябыз 10% болчу. 2006-жылы Байкожоев биздин акциябызды 6% ке түшүрүп койду. Анысы аз келгенсип 1996-жылдан бери 1 тыйын дивиденд алган жокпуз. Ошондон улам 2006-жылы биз акциябызды биржа аркылуу кулактандыруу берип, сатып жибердик. Ошондон кийин банкка эч кандай тиешебиз жок.

Азыркы Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков 2005-жылдын аягында банктын 43% «контрольный пакет» акциясын сатып алган. 2007-жылы ал да өзүнүн акциясын сатып жиберет. Ошондон кийин Болот Байкожоев менен Чыныбай Турсунбеков экөөнүн ортосун кара мышык аралайт. Сен акцияңды мага сатпай башкаларга сатып жибердиң деп, күнөөлөп жүрөт. Азыр Байкожоев, Максим Бакиевдин кишиси Надель сатып алган деп жүрбөйбү.

Албетте «контрольный пакет» акция кимде болсо ошол кожоюндук кылат да. Банкты жаңы акционерлер башкара башташат. Болот Байкожоевдин өзүнүн акциясы эч нерсе чечпей калат. Ошондо Байкожоев өзү Максим Бакиевдин адамдары менен келишим түзүп, акциясын сатып акчасын накталай алат. Ал 2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин, менин акцияларымды тартып алышкан деп прокуратурага арыз берип, бирок өз колу менен накталай алган акчаларынын келишимдери, дүмүрчөктөрү чыгып, ал калпы суу кечпей уят болуп калган.

Мындан сырткары 2010-жылдан кийин Байкожоевдон бюджетке 27 000 000 сом өндүрүлсүн деген соттун чечими бар. Мына ушул күнгө чейин 1 сом дагы өндүрүлгөн жок, 1 сом бюджетке төккөн жок.

2007-жылы банктын акционерлери менин карындашымды банкка Председатель кылып шайлашты, банк ачылгандан баштап иштепсиз, жумушту жакшы билет экенсиз деп, ал өзү эле барып отуруп алган жок. Эл сыяктуу эле эмгек акыга иштеди.

Карындашым артта калган банкты биринчи 10 банктын катарына кошту, жылына банк 35-50 млн. сом киреше алганы баардык финансылык отчеттордо көрүнүп турат. Сиз башкарган убакта 150 мин сом кире алчу.

Эми 20 жылдан бери Болот Байкожоев башы ооруган күнү эле Жапаровдор банкымды «рейдерство» кылышты, Бакиевчи же Бакиевден акча алып атат, 46 млн салык төкпөй койгон деген калпты айта берип тажагандай деле болду. Мунусун «Дело №» менен «Вечерний Бишкек» гезиттерине кайра-кайра чыгаргандан тажабайт. Бул айткандарын Атамбаевдин убагында, биздин айылдагы тоокканабыздан баштап бешиктеги батирибизге чейин текшерип, чындыка дал келбегенин көрүштү.

Бул калптары суу кечпей калганын көрүп, эми жаңы калпты ойлонуп чыгыптыр. Эми Бакиевдерге Чыныбай Турсунбековду, бизди кошуп, түшкө кирбеген 5 млрд долларды чаптап, жабыштыра албай алек болуп жатат. Маалымат каражаттары Байкожоевди Банктын түптөөчүсү, кожоюну деп жазып жатышат. Дегеле түптөөчүсү экендигин далилдеген бир документи жок колунда. Түптөөчүсү акционерлер, банкты түптөп жаңы ачып атканда Байкожоевдин 1 да акциясы жок болчу. Азыр он жыл мурдакы эл жок. Баары калп менен чынды таразалай билип калышты.

Банктан жасалма документтер менен кредит оформить этип, акция алып байыгансыз. Бул боюнча өзүңүздүн арызыңыздын негизинде козголгон иштин ичинде 8-томдун 10,11-баракчада, уставной капитал боюнча банктын законун одоно бузгандыгыңыз жөнүндө 8-томдун 9-баракчасында, Нацбанктын текшерген актысында жазылып турат го. Акциялар боюнча законду бузганыңыз үчүн, Финнадзор 10 000 сом административдик штраф салбады беле.

Андан сырткары, сиз банктын закондорун бузган иштериңизге козголгон Кылмыш иши № 150-07-74 да турат.

Кумтөрдөн Ысык-Көл областынын өнүгүүсүнө деп түшкөн 1 000 000 (бир миллион) доллар акчаны банкка алыпсыз. Бүгүнкү күнгө чейин Ысык-Көл фондуна 1 тыйын кайтарып бербепсиз. Кайда кетти ал акча?

Эмне үчүн аларды айтпайсыз?

Садыр Жапаров чыгып калса ушунун баарын ачат деп коркуп жатасызбы?

ЖМКларга жалгыз чыгып алып бизди каралайсыз. Туз эфирге чыгып, чындыкты бетке айтышалы десем качып кеттиниз.

Урматтуу мекендештер!

Атамбаевдин бийлигинин учурунда Садыр менен соодалашыш үчүн, карындашым Райкүлгө жасалма кылмыш ишин козгошту.
Ал эле эмес үй-бүлөбүз менен ур токмокко алышып, баарыбызды камашты. Мен ишенем бүгүн болбосо да, акыры бир күнү чындык жеңет деп. Байкожоев окшогондор өз жазасын сөзсүз алат.

Кудайга койдум!

Сабыр Жапаров». (Автордун орфографиясы жана пунктуациясы бузулбай сакталды).

Урматтуу мекендештер!Биз, Жапаровдордун үй-бүлөсү бирөөнү жамандап, курулай каралагандан дайыма алыс жүрөбүз. Бизди…

Опубликовано Сабыром Джапаровым Вторник, 11 февраля 2020 г.

Белгилей кетсек, Райкүл Жапарова эл аралык издөөгө жарыяланганын Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы расмий түрдө маалымдаган.

2 ой-пикир “Сабыр Жапаров: Садыр менен соодалашыш үчүн, карындашым Райкүлгө жасалма кылмыш ишин козгошкон

  1. Фарида

    Кудайдан тилеймин,С.Жапаров эртерек чыкса экен.Саткындар,уяты жоктор кырылып кетсин.

  2. Назира

    2010-жылдын 13-апрелинде бир нече адам рейдерлик басып алуу фактысы катталгандыгын айтып, Башкы прокуратурага кайрылышкан. Арызда белгиленгендей, Курманбек Бакиев президент болуп турганда анын уулу Максим Бакиев достору Алексей Ким, Михаил Надель менен биргеликте “”Инвестбанк Ысык-Көл” ААКсынын негиздөөчүлөрүнүн бирин кысым менен банктын акциясын сатууга мажбурлашкан. Аз өтпөй “Инвестбанк Ысык-Көлдүн” мурунку кызматкери Райкүл Жапарова аталган банктын башкаруусунун жетекчиси болуп шайланган. Аталган факт боюнча, “Кылмыштуу акчаны легалдаштыруу” беренеси менен иш козголгон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.