Россиянын жогорку окуу жайларында кыргызстандыктар үчүн бюджеттик орундар бөлүнөт

Окуялар тизмеги 11 Фев 2020 11:04
0 ой-пикир

Кыргызстандык жарандардын Россиянын жогорку окуу жайларында бюджеттик формада билим алуусу үчүн квоталар көбөйүшү мүмкүн. Бул тууралуу Россиянын илим жана жогорку билим берүү министри Валерий Фальков билдирди.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн «Эл аралык кызматташуу маселелери» аттуу видеокөпүрөгө катышты.

«2019-2020-окуу жылына карата Кыргызстандын жарандары үчүн 370 бюджеттик орун бөлүндү. Эки өлкөнүн кызматташуу тенденциясы белгиленди. Ага ылайык, квотанын саны кыскарбайт, тескерисинче, өсүшү мүмкүн», — деди министр.

Фальков Россиядан билим алууга кызыккан кыргызстандыктар көбөйгөнүн кошумчалады.

«Россиядагы кыргызстандык студенттердин саны эки өлкөнүн тыгыз байланышын көрсөтүп турат. КРдин жаш мууну РФ университеттеринде билим алууга кызыгып жатышат. Ушул факторду эске алуу менен кыргызстандыктар үчүн квоталар бөлүнүп турат».Ал ошондой эле Россиядагы жогорку окуу жайлардын чет элдиктер үчүн өзүнчө дагы атайын программасы бар экенин белгилеп өттү.«Эгер таланттуу студент россиялык жогорку окуу жайга тапшыргысы келсе, анда алар үчүн атайын өзүнчө программа бар. Ага ылайык, университет студенттин чыгымдарын мойнуна алат», -деп белгиледи Фальков.

Буга чейин Фальков Россиянын окуу жайларында 7,5 миң кыргызстандык билим алып жатса, алардын үчтөн эки бөлүгү федералдык бюджеттин эсебинен окуп жатышканын билдирген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.