Кыргыз-кытай товар жүгүртүүсү: импорттолгон товардын суммасындагы айырмачылык 3 млрд 600 млн доллар

Окуялар тизмеги 11 Фев 2020 15:59
0 ой-пикир

Бүгүн, 11-февралда Жогорку Кеңеште кытайлык ишкер Айэркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму өтүүдө.

Анда Бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев маалымат берди. Маалыматта кыргыз-кытай соода-экономикалык алакасындагы көйгөйлөр көтөрүлүп, кыргыз-кытай товар жүгүртүүсүндөгү олуттуу айырмачылыктар айтылды.

Торутаевдин айтымында Кытайдан импорттолгон товардын көлөмү боюнча айырма 3 миллиард 600 миллион долларды түзөт. Былтыр Кыргызстанга 2 миллиард 900 миллион доллардан ашык товар импорттолгон. Ал эми Кытайдын эсебинде Кыргызстанга 5,5 миллиард доллардан ашык товар жөнөтүлгөнү көрсөтүлгөн.

Муну бажы кызматынын башчысы товарларды эсептөө ыкмасындагы айырмачылыктан болушу мүмкүн деп болжоду. Аны бир стандартка салуу боюнча Кыргызстандын аракеттери Кытай тараптан колдоо таппай жатканын белгиледи.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.