Жаш балдарга карата жыныстык зомбулук көбөйүүдө

Окуялар тизмеги 10 Фев 2020 11:57
0 ой-пикир

2019-жылы жашы жете элек балдарга каршы жасалган 2462 кылмыш фактысы катталган.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, анын ичинен 184и оор, 36сы өзгөчө оор кылмыштар. Кылмыштын көпчүлүгү Бишкекте. Баш калаада 1330 жаш балдарга карата зомбулук фактысы катталса, Чүйдө 382, Ош облусунда 232, Ош шаарында 197 учур катталган.

Ошол эле учурда башкы көзөмөл органы өткөн жылы зомбулуктан улам көз жумган балдардын саны мурунку жылга салыштырмалуу эки эсе азайганын белгилейт. 2018-жылы 10 бала зомбулуктан каза тапса, былтыр 5 бала көз жумган.

Маалыматта жашы жете электерге карата жасалган кылмыш иштеринин ичинен жыныстык зомбулук көбөйүп баратканы жазылган. Ага ылайык, былтыр Кыргызстанда 222 бала жыныстык зомбулуктан жабыркаган. Мунун ичинен 33 учур Бишкекте, 38 Чүйдө, 27 Ош шаарында, Ысык-Көлдө 26 учур катталган.

Ал эми жашы жете электер тарабынан жасалган кылмыштар былтыр мурунку жылга салыштырмалуу 12% азайган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.