Коронавирус: Өзбекстан Кытайдан 584 жаранын алып келди

Окуялар тизмеги 10 Фев 2020 10:05
0 ой-пикир

Өзбекстан 4-февралдан 6-февралга чейин Кытайдын Бээжин жана Ухань шаарларынан 584 жаранын эвакуациялады. Бул тууралуу өлкөнүн Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл агенттиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Кытайдан алып келинген өзбек жарандарынын бардыгы тең Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушу боюнча даярдалган атайын жайларга жайгаштырылды. Алар инкубациялык мезгил аяктаганга чейин (14 күн) медиктердин көзөмөлүндө болушат.

Өзбек бийлиги атайын жайларда эвакуацияланган адамдар үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн билдирүүдө. Бирок карантинде жаткан жарандардын туугандары алар «кир жана суук» бөлмөлөргө жайгаштырылганын айтышууда.

«Фейсбук» соцалдык түйүнүндөгү TROLL.UZ баракчасына жарыяланган билдирүүгө караганда, 4-февралда Бээжинден келген жарандар Ташкент облусундагы «Бустон» лагерине жайгаштырылган. Социалдык түйүн колдонуучулары аталган лагерь адамдарды кабыл алууга даяр эмес болгонун, шарттары жок экенин билдиришүүдө.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.