102 ата мекендик ишкана продукцияларын ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн аймагында сата алат

Окуялар тизмеги 10 Фев 2020 17:48
0 ой-пикир

102 атамекендик ишкана продукцияларын ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн аймагына сатууга мүмкүнчүлүк түзгөн ишканалардын реестрине кирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бирдиктүү реестрге Евразия экономикалык бирлигинин шайкештикти баалоосунун негизинде 37 аккредитацияланган сыноо лабораториясы да кирди. Анын 26сы мамлекеттик, 11 – жеке менчик лабораториялар. Евразия экономикалык бирлигинин кабыл алынган техникалык регламентинин 48и тастыктама боюнча лабораториялар жана органдар ЕАЭБдин 25 техникалык регламенти боюнча аккредитациядан өттү.

Мындан тышкары Бишкек жана Ош шаарларындагы 1 ветеринардык жана 1 фитосанитардык лаборатория аккредитацияланды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.