Чек-арадагы мушташ: 17 казак, 1 кыргыз жараны орууканага кайрылышты

Окуялар тизмеги 08 Фев 2020 14:32
0 ой-пикир

Токмок аймактык ооруканасына 18 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Алардын бирөө Кыргызстандын, ал эми 17си Казакстандын жарандары. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, алар 7-февралдан 8ине караган түнү Жамбыл облусунун Кордай районундагы Масанчы айылындагы массалык мушташтан жараат алышкан.

“8 адам биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн соң амбулатордук дарыланууга жиберилди. Алардын абалы канааттандырарлык. Ал эми 10 адам ооруканага жаткырылды (бардыгы Казакстандын жарандары). Алардын абалы орточо оор деп бааланууда. Бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө”, — деп билдиришти министрликтен.

Казак милициясынын маалыматында, Кордай районунун Масанчы айылында жергиликтүү тургундардын арасында чыр чыгып, массалык мушташ орун алган. “Полиция күчтөрү менен абал жөнгө салынып, кырдаал көзөмөлдөнүүдө”,- деп билдирет Жамбыл облусунун Полиция департаментинин басма сөз кызматы.

КР Чек ара кызматы маалымдагандай, кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу. 7-февралдан 8-февралга караган түн тынч өттү.

«Кең-Булун авто жол» жана «Токмок-авто жол» өткөрүү жайларында Казакстандан Кыргызстанды көздөй жарандардын (көпчүлүгү аялдар жана балдар) тыгыны көбөйгөндүгү байкалган, ошол эле убакта окуялар жана чыр-чатактар катталган эмес.

“Чүй облусунун кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын тарамдары жана өткөрүү жайлары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантып жатышат», — деп айтылат билдирүүдө.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.