Абылгазиев Нарынга барды

Окуялар тизмеги 08 Фев 2020 18:13
0 ой-пикир

Ар бир жаран өлкө экономикасын өнүктүрүүгө кызыкдар болуш керек. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2019-жылдагы иштеринин жыйынтыгы боюнча кеңири коллегиясында билдирди.

«Дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө, анын ичинде экономикалык өнүккөн өлкөлөрдө инвестицияларды тартуу боюнча өтө олуттуу иштер жүрүүдө. Инвестиция жок, экономика өнүкпөй турганын баары түшүнүшөт. Муну биз кыргызстандыктар да түшүнө турган учур келди. Биздин жарандардын инвесторлор ишке ашырган ири долбоорлор тууралуу маалымат алуу укугу бар жана алып турушат. Республикалык ведомстволор жана ММКлар түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүп жатышат. Бул иште жергиликтүү бийлик органдары да четте калбашы керек. Ат-Башы районунун жашоочулары активдүү позициясын карманышат деп мен да ишенем, Индустриалдык-соода-логистикалык борбордун курулушу ириде алардын кызыкчылыктарына жооп берет: биринчи кезекте дал ат-башылыктар жумуш орундары менен камсыз болуп, жергиликтүү бюджет сезилерлик киреше алат. Ошондуктан адамдардын негизсиз сөздөрдү жайылткан чагымчылдарга алдырышына жол бербешибиз кажет» -, деди ал.

Ал белгилегендей, кытай инвестору Ат-Башы районунда логистикалык борбордун курулушуна 280 млн доллар салууга даяр.

«Көптөр ойлогондой, бул жөн эле чоң базар эмес. Бул логистикалык борбор. Анын аймагында өндүрүштөр түзүлүп, 15 миң адам туруктуу иш таба алат. Ишкананын ийгиликтүү иши жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүп, ишкердик активдүүлүктү арттырат. Өлкөгө киреше алып келе турган жердин жөн тура бергени кажетпи. Биз 200 га жерди 49 жылга ижарага берүү тууралуу айтып жатабыз, ал эми коңшу өлкөлөр миңдеген га жерлерди инвесторлорго берип жатышат. Анткени алар бул кирешелүү экендигин билишет. Биз инвесторду чочуткандын ордуна, тескерисинче, чакырып, кызматташып, коргоого тийишпиз. Мен, премьер-министр катары биздин өлкөгө келип, биздин мыйзамдарды сактап, ата мекендик экономиканы өстүрүүгө шарт түзгөн бардык инвестицияларды колдойм. Өлкөдө тартип болушу абзел», — деди ал.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.