Саламаттык сактоо министрлиги: Коронавирус менен ооругандар жок

Окуялар тизмеги 07 Фев 2020 09:21
0 ой-пикир

Коронавирустун өлкөгө киришинин алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги отуруму өттү. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Жыйындын жүрүшүндө белгиленгендей, 2020-жылдын 6-февралына карата өлкөдө коронавирус менен ооругандар жок, республикада эпидемиологиялык абал туруктуу.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү социалдык тармактарда жайылтылган Баткен облустук ооруканасына коронавируска чалдыкты деп шектелген эки жаран келип түшкөнү тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганын билдиришти.

Бул жарандар Кыргызстанга Кытайдан транзит аркылуу Тажикстан аркылуу келишкен. Санитардык-карантиндик пункттун кызматкерлери жарандарды медициналык кароодон өткөрүштү. Экөөнүн тең абалы канааттандырарлык. Бул санитардык-карантиндик пункттун кызматкерлери нускамаларды сактап, өз милдеттерин так аткарат дегенди билдирет.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 6-февралга карата 154 адам стационардык кароодо, 260 адам жашаган жери боюнча медициналык байкоодо турат. Бардыгынын ден соолугу туруктуу.

Улуттук вирусологиялык лаборатория изилдөөлөрдү өткөрүүгө даярдалган, ал эл аралык стандарттарга дал келет, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан аккредитациядан өткөн. Улуттук вирусологиялык лабораториянын бардык медициналык кызматкерлери окутуудан өтүшкөн жана ишинде эл аралык стандарттарды карманышат.

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине буга чейин Россиядан коронавирусту аныктоочу тест-системалар алынып келген. Байкоодогу жактардын баары жогоруда көрсөтүлгөн тест-системаны колдонуу менен кошумча текшерүүдөн өтүшкөн, бардыгында вирус аныкталган эмес.

Эпидемиологиялык кырдаал жакшы эмес өлкөлөрдөн келгендердин ар бири термометр жана жогорку дем алуу жолдорунун үлгүлөрүн аныктоо лабораториясынан өтүүдө.

Кытай Эл Республикасынан келген жарандарда сасык тумоонун жана курч респиратордук жугуштуу инфекцияларга мүнөздүү белгилер болсо текшерилип, медициналык кароо жүргүзө турган жана тиешелүү дарылануудан өтө турган медициналык жайлардагы атайын палаталарга жаткырылууда.

Мындан тышкары жарандарды кабыл алуу жана жайгаштыруу пункттарында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 280 орун даярдалган: «Торугарт» өткөрүү пункттунда – 100 орун, «Иркештам» — 100 орун, «Манас» эл аралык аэропортунда – 50, Ош шаарындагы аэропортто – 30 керебет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.