КТРКнын Байкоочу кеңешининин төрагасы алмашты

Окуялар тизмеги 07 Фев 2020 11:55
0 ой-пикир

Төкмө акын жана коомдук ишмер Азамат Болгонбаев Коомдук телерадио корпорациясынын Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

Байкоочу Кеңештин мүчөлөрү жаңы шайланган төраганы куттуктап, КТРКнын ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө салымын кошот деген ишеничтерин билдиришти.

Коомдук телерадио корпорациясынын Байкоочу кеңешинин башчылыгына үчүнчү мөөнөткө  шайланган Жыпар Жекшеев өткөн жылдын ноябрь айында кеңештин төрагалыгынан жана мүчөлүгүнөн өз каалоосу менен кеткен.

КТРКнын Байкоочу кеңеши 15 мүчөдөн туруп, беш жылга шайланат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.