Чубак ажы Жалилов парламенттик шайлоого катышабы?

Окуялар тизмеги 07 Фев 2020 10:28
0 ой-пикир

Айрым кубаттуу партиялар Чубак ажы Жалилов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, парламенттик шайлоого бирге баруу үчүн тизмедеги алдыңкы саптарды сунуштап жатканын Aryba.kg сайты жазып чыкты.

Албетту, белгилүү аалымдын эл арасында популярдуулугу талашсыз. Көп добуш алып келеши да күмөн жаратбайт.

Бирок кептин төрү башка жакта. Кайсы бир партия таасирдүү диний аалымды байрак кылып көтөрүп, шайлоого аттанышы Конституциянын талаптарына туура келеби? Дин менен саясаттын түздөн-түз аралашуусу светтик мамлекеттин түзүлүшү жол береби? Ажылар да саясатка киришип, шарият менен жашоого үндөй башташабы?

Конституцияга ылайык, Кыргыз Республикасы мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган унитардык, социалдык мамлекет болуп эсептелет. Айтор, чийеленген соболдорду чечүү керек. Ошондо гана Чубак ажынын шайлоого аттанар-аттанбасы белгилүү болот.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.