Бензинге күйгөн Сатина күйөөсүн кечирип, милицияга тосмо арыз жазды

Окуялар тизмеги 07 Фев 2020 15:56
0 ой-пикир

Кызганычтын айынан Каракол шаарында күйөөсү тарабынан зордук-зомбулукка кабылган Сатина атту келин жолдошун кечирди. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы кабарлайт.

Маалыматка караганда, буту,колу, бети кошо өрттөнгөн Сатина айым милицияга тосмо арызы менен кайрылган.

 «Январь айынын этегинде 33 жаштагы Сатина Бабаканова күйөөсү Н.Ч.га карата нааразылыгы жок экенин билдирип, тосмо арыз жазды. Анын айтымында, күйөөсү менен мындан ары үй-бүлөнү бузбай, чогуу жашоону уланткысы келет.», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, окуя 4-январь күнү Каракол шаарындагы борбордук базарлардын биринде болгон. Анда күйөөсү Сатинага бензин куюп, аны кызганычтан улам өрттөп жибергени айтылган.

Аталган факт Каракол ШИИБдин КЖБРде катталып, КР Жазык кодексинин «Бейбаштык максатта киши өлтүрүүгө аракет кылуу» беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Шектүү Н. Ч. эки айга камакка алынган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.