Сеид Атамбаев: Саясатта атамдын ордун басып, ишин улантам

Окуялар тизмеги 06 Фев 2020 16:54
0 ой-пикир

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев саясатка кайтып жатат. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактагы Facebook-баракчасына жазып чыкты.

Билдирүүсүндө ал саясатка 1993-жылдары келгендигин, кайсы партияда, кандай эмгектерди аткаргандыгын жазып чыккан.

“Мен саясатка жаңы кирген жокмун. Мен кайтып келдим. Тагыраагы, мени кайра келгенге аргасыз кылышты. Атамдын ордун басып, ишин улантып турушум абзел ”, — дейт Сеид Атамбаев.  

Айтымында убагында КСДП партиясынын өздүк белгилерин ойлоп табышып, аймактарга агитациялык материалдарды, оппозициялык гезиттерди таркатып, уюштуруу иштерине катышып, саясий бирикменин алгачкы чогулуштарын өткөрүшкөн.

“Мен КСДПнын курамында эң күчтүү, акылман адамдар бар учурга күбөмүн. Алар алгач Акаевдин, кийин Бакиевдин үй-бүлөлүк-кландык башкаруусун сындырууга аракет кылышкан”, — дейт саясатчы.

Сейид Атамбаев 11 жыл талыкпай эмгектенип, партияга өзүн толугу менен арнаганда гана 2004-жылы партбилетке ээ болгонун кошумчалаган.  

Акыйкат үчүн күрөшүп, бирок башкаруу органдарынан ынгайлуу кызмат эч убакта эңсебегендигин дагы жазган.

2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин мен партиядан кеткем. Анткени үй-бүлөлүк-кландык режим кулап, менин максатым аткарылган. Менин максатым элдин эсебинен же кызматтын аркасынан байып кетүү эмес болчу. Ошол себептен мен кеткем”, — дейт Сеид.  

Айтымында анын топтогон тажрыйбасы жетиштүү жана КСДП саясий партиясы менен саясатка аттанат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.