Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кенже тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысын көтөрүү боюнча токтомго кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
2020-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген документке ылайык, автобустардын, жүк ташуучу унаалардын, транспорттук-жыйноочу машиналардын, электро жана авточиркегичтердин айдоочуларынын, жыгач усталардын, сантехник, слесарь, электрик, иш кагаздарды мукабалоочу, короо шыпыргыч, багбан, гардеробщик, кароолчу (вахтер), лифтте иштөөчү адам, от жагуучу, кастелянша, курьер, кладовщик, имараттарды оңдоп, тейлеген жумушчулар, калктуу конуштарды жакшыртуу, иш бөлмөлөрдү жана кызматтык аймактарды тазалагандардын эмгек акылары эки эсе жогорулайт.
Бул токтомду жүзөгө ашырууга бюжеттен жылына 220,0 млн. сом бөлүнөт, бул республикалык бюджетте каралган.
№ | Кызмататтардын аталышы | Эмгек акынын жогорулаганга чейинкиси(сом менен) | Эмгек акынын жогорулагандан кийинкиси(сом менен) |
1 | Автобус, жүк ташуучу унаалардын айдоочулары | 4200 | 8000 |
2 | Транспорттук-жыйноочу машиналардын, электро жана авточиркегичтердин айдоочулары | 3000 | 6000 |
3 | Жыгач уста, сантехник, слесарь, электрик | 3000 | 6000 |
4 | Иш кагаздарды мукабалоочу | 2700 | 5000 |
5 | короо шыпыргыч, багбан | 2700 | 5000 |
6 | Гардеробщик, кароолчу (вахтер), лифтте иштөөчү адам, от жагуучу, кастелянша, курьер, кладовщик | 2500 | 5000 |
7 | Иш бөлмөлөрдү жана кызматтык аймактарды тазалагандар | 2500 | 5000 |
Эмне учун билим беруу тармактарында иштеген кенже кызматкерлердики которулбойт же биз башка жактан келдикпи ?!!!
баарын эле которуп атабыз дешет налог соцфонд кобойдуго . кана кенжелердики кобойгону оордунан жылган да жок. Урматтуу Мухаммедкалый Абылгазиев бир эле сураныч маданият кызматкерлердин айлыктарын деле карап корсонуз боло эн коп айлык алганы 6500 сом жаш кадр келбей качып кетип атат. Кыргыз маданияты менен тарыхта из калтырган деп айтасынар бирок маданияттын кызхматкерлерин унутуп калгансынар мугалим эн жашы 15000 мин алат догтурлар 10000 жогору алышат а бирок маданият кызматкерлердин айлыктары мышык ыйлагандай же уйуно жетпей же балдарына жетпейт айыл жериндеги маданият кызматкерлердин айлыктарын озунуз келип корунузчу сураныч . маданият жагы токолдон туулган баладай каралбайт.