Жогорку Кеңеш өкмөт мүчөлүгүнө жаңы талапкерлерди талкуулоодо

Окуялар тизмеги 05 Фев 2020 10:51
0 ой-пикир

Бүгүн Жогорку Кеңеште өзгөчө кырдаалдар министрине сунушталган Аскаров Замирбек Марипбаевичтин, ал эми вице-премьер-министрликке Асрандиев Эркин Шамшудиновичдин талапкерлиги каралып жатат.

Талапкерлерди депутаттарга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды. Ал Замирбек Аскаров буга чейин вице-премьер-министри болуп иштеген, Эркин Асрандиев Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондун жетектеп келгенин, сунушталган талапкерлер буга чейин өзүн кесипкөй жана тажрыйбалуу жетекчи катары көрсөтө алганын билдирди.

«Талапкерлердин билими да, тажрыйбасы да жетиштүү, мамлекеттик кызматтын талаптарын жакшы билет. Ошондон улам, жаӊы кызмат ордундагы милдетин татыктуу аракалап кете алышат деген ойдомун», — деди ал.

Өкмөт башчы жаңы вице-премьер-министрге каржы-экономикалык маселелер толугу менен жүктөлө турганын айтты.

«Азыр чек ара жана ЕАЭБ маселелери абдан курч турат. Ошондон улам, чек ара боюнча баардык маселелер Жеңиш Разаковго, ал эми экономикалык, анын ичинде ЕАЭБ боюнча маселелер Эркин Асрандиевге жүктөлөт. Кыргызстан бийик тоолуу жана сейсмикалык жактан кооптуу аймакта орун алгандыктан, өзгөчө кырдаалдар жаатында да чечиле турган маселелер арбын. Ал жерге да уюштуруу-чарбачылык тажрыйбасы бар Замирбек Аскаровдун талапкерлиги сунушталып жатат», — деди ал.

Талкуу жүрүшүндө Дастан Бекешев өкмөт башчыга чакан мамлекетке төрт вице-премьер-министр ашыкча болор-болбосу тууралуу собол салды. Премьер-министр аткара турган иштер арбын, чече турган көйгөйлүү маселелер көп болгондуктан, төрт орун басар ашыкча болбой турганын белгиледи.

«Өкмөттө жасай турган жумуштар арбын. Болгону талыкпай таза, иштин көзүн таап иштөө керек», — деп кошумчалады ал.

Депутат Карамат Орозова Өкмөт, андагы жооптуу кызмат адамдары чек арада түзүлгөн кырдаалга жакшылап көңүл бурбай, укук коргоо органдары жарандарды уруп-согуп, айрым адамдарды камап жатканын айтты. «Чек ара аймагында жашаган адамдарды камабай, тескерисинче аларга колдоо көрсөтүү керек», — деди ал.

Мухаммедкалый Абылгазиев чек арадагы чыр-чатактар эч качан кыйкырык-өкүрүк менен чечилбейт, аны сүйлөшүү жолу менен чечүү керек экенин, айрым калк арасын козуткан адамдарга карата түшүндүрүү иштерин жүрүгүзүп, алдыналуу чараларын көрүү зарылдыгын белгиледи.

«Чек арага көңүл бурулбай жатат деген туура эмес. Биздин жумуш күн сайын чек арадагы абал менен таанышуудан башталат. Буга чейин көп жумуштар жасалды, дагы жасалат», — деп кошумчалады премьер-министр.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.