ЖК Асрандиевдин вице-премьерликке жана Аскаровдун ӨКМ башчылыгына талапкерлигин жактырды

Окуялар тизмеги 05 Фев 2020 13:55
0 ой-пикир

Жогорку Кеңеш вице-премьер министрликке Асрандиев Эркин Шамшудиновичдин жана өзгөчө кырдаалдар министрине Аскаров Замирбек Марипбаевичдин, талапкерлигин жактырды.

Талапкерлерди депутаттарга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды.

Ал Замирбек Аскаров буга чейин вице-премьер-министри болуп иштегенин, Эркин Асрандиев Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондун жетектеп келгенин, сунушталган талапкерлер буга чейин өзүн кесипкөй жана тажрыйбалуу жетекчи катары көрсөтө алганын билдирди.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков талапкерлерди өлкө экономикасын көтөрүү жана калк турмушун жакшыртуу жаатында болгон аракеттерин жумшоого чакыруу менен бирге, жалпы депутаттардын атынан Замирбек Аскаров менен Эркин Асрандиевдин эл өкүлдөрүнүн ишенимине ээ болушу менен куттуктап, жаңы кызматында ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, «КР Өкмөтү жөнүндө» мыйзамдын жоболоруна ылайык, өкмөт мүчөсү парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.