ВИДЕО: Коронавирус чыккан Ухань шаарынын учурдагы жашоосу

Аалам, Окуялар тизмеги 05 Фев 2020 19:08
0 ой-пикир

Кытайда тараган коронавирустун жаңы түрүн жуктуруп алгандардын саны 24 миңден ашып, 490 адам көз жумду.

Борбордук бийликтин маалыматына караганда, өлкө боюнча 185,5 миң адам дарыгерлердин ар дайымкы көзөмөлүндө болууда. Ал эми 846 адам илдеттен сакайып кеткен.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында жаңы вирустун пайда болгону белгилүү болгон. Адистер аны коронавирустун жаңы түрү «2019-nCoV» деп атаган.

Вирустун жайылышын токтотуу үчүн кытай бийлиги шаарга кирип чыгууну чектеген. Шаарда аэропорттор, бекеттер, соода борборлору жабылып, коомдук транспорт токтотулган. Тургундарга үйдөн чыкпоо катуу эскертилген. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.