Абылгазиев: «Логистикалык борборго каршы 20-30 гана киши элди дүрбөтүүдө»

Окуялар тизмеги 05 Фев 2020 11:24
0 ой-пикир

Ат-Башыда логистикалык борборго каршы социалдык тармактарда 20-30 гана киши элди дүрбөтүп жатат. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 5-февралда, парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

«Менин оюмча, социалдык тармактардагы 20-30 киши элди дүрбөтүп, коомдо пикир пайда кылайын деген ойдо. Бирок, бизге жеткен маалымат боюнча, элдин баары күтүп жатат. Ким куруучу, ким электрик же кароолчу болорун айтып, Ат-Башы акимчилигинде жазылып жатышат», — деди Абылгазиев.

Эске сала кетсек, Нарын облусунун Ат-Башы районунда индустриялык-соода-логистикалык комплекси куруу үчүн Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун боюнда, чек арадан 110 чакырым алыстыкта 200 гектар жер бөлүнгөн. 2017-жылы ал жерди трансформация кылуу боюнча өкмөттүн токтому чыккан. «Ат-Башы кыргыз-кытай эркин соода аймагы» компаниясына жер 49 жылга ижарага берилген.

Борбордун курулушу жаз айларында башталышы күтүүлүдө.

Бирок, буга чейин ндустриялык-соода-логистикалык комплексинин курулушуна каршы жергиликтүү тургундар митингке чыгышкан. Алар аталган жерди кытайлык ишкерлерге берилгендигине нааразы экендигин билдиришип, логистикалык  борбор кыргыз өкмөтү тарабынан курулуш керектигин белгилешкен.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.