Башкы прокуратура: Курсан Асановго карата тергөө иши аяктады

Окуялар тизмеги 04 Фев 2020 17:35
0 ой-пикир

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов боюнча тергөө иши аяктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Курсан Асанов Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу»), 43-беренесинин 2-бөлүгү («Кылмыш жасоону уюштуруу же анын аткарылышына жетекчилик кылуу»), 44-беренесинин 2-бөлүгү («Сүйлөшүп алып чогуу кылмыш кылуу»), 45-беренесинин 3-бөлүгү («Кылмышты уюштуруу, шыкактоо жана көмөк»), 5-бөлүгү («Кылмыш жасоого башка адамдарды көндүрүү») боюнча айыпталууда.

Ал ИИМдин башка кызматкерлери Пайзилда уулу Дамир менен Мухамедали Асановду өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып, жардамчысы жана жансакчысы катары иштетип жүргөн. Өкүл баласы журналист Турсунбек Бейшенбеков менен чогуу биринчи вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тууралуу калп маалыматтарды тараткан деп шек саналууда.

Мындан тышкары Курсан Асанов 7-8-августта Кой-Ташта Дамир Пайзилда уулу жана Мухамедали Асанов менен кошо кылмыш далилдерин жок кылган. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн алып чыккан далил буюмдарды жана кылмыш ишин тергөөдө керек болгон маанилүү документтерди жансакчысы Дамирбек Пайзылда уулу аркылуу баласына, андан ары Атамбаевдин тарапкерлерине жеткириш үчүн берген деп айыпталууда. Бул иштин алкагында жардамчысы Дамирбек Пайзылда уулу да камакка алынган.

Ал эми Мухамедали Асановго учурда издөө жарыяланган.

Курсан Асанов өзүнө коюлган дооматты четке кагып келет. Жеке кызыкчылыгын эч качан мамлекеттик кызыкчылыктан жогору койбой турганын айткан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.