Жеңиш Разаков Курсан Асановго каршы прокуратурага арыз берген — адвокат

Окуялар тизмеги 03 Фев 2020 15:12
0 ой-пикир

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов менен журналист Турсунбек Бейшенбековго каршы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков арыз жазган. Бул тууралуу жактоочу Таалайгүл Токтакунова 24.kg маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Жениш Разаков укук коргоо органдарына 2019-жылдын август айынын соңунда кайрылган.

«Вице-премьерге өзүнүн жазган түшүндүрмөсүнүн жайылып кетиши эмес, журналисттердин чыккынчылык боюнча суроолору катуу тийген. Бирок, иште күбө катары Кашкар Жунушалиевдин жардамчысынын жакын досу көрсөтмө берген», — дейт жактоочу.

Эскерте кетсек, Жеңиш Разаковдун Тажикстандын коопсуздук кызматында үч күн бою кармалып, бошотулганы боюнча түшүндүрмө каты интернетке жарыяланган. 

Курсан Асанов учурда үч кылмыш иши боюнча сурак берип жаткандыгы белгилүү. Үч иш тең Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») негизинде козголгон. Анын экөө боюнча Курсан Асанов күбө катары суралууда. Ишти Аскер прокуратурасы тергеп жатат.

13-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы «7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын саткан жана ишеничтен кеткени аныкталды» деп чыгарган чечимдин негизинде Курсан Асановду кызматтан алган.

Ал эми Chyndyk.kg сайтынын редактору, журналист Турсунбек Бейшенбеков болсо Аскер прокуратурасына суракка чакырылып, эки ай үй камагына чыгарылган. Анын сөзү боюнча, бул журналисттик ишине байланыштуу болуп жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.