Текебаев: Шыкмаматов коштошпой туруп, партиядан чыгып кеткенин баса белгилейм

Окуялар тизмеги 03 Фев 2020 16:07
0 ой-пикир

«Ата Мекен» саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев фракциянын мурдагы лидери Алмамбет Шыкмаматов менен болгон пикир келишпестиктер жөнүндө комментарий берүүдөн баш тартты.

«Азаттыктын» «Эки-бир» берүүсүнүн түз эфиринде ал Шыкмаматов коштошпой туруп, партиядан чыгып кеткенин баса белгиледи.

«Партияга адамдар келе берет, кете берет. Ал партия менен да, мени менен да коштошпой кеткендигин баса белгилейм. Мен анын депутаттык мандатын тапшырып, лидерликти таштап атканын, партиядан кетерин массалык маалымдоо каражаттарынан билдим. Мындан кийин мен аны издеген жокмун, байланышкан да жокмун. Андыктан ага суроо бергенге мүмкүнчүлүгүм болгон жок», – деди Текебаев.

Ошол эле маалда ал оппозициялык партиядан кадрлардын кетиши кадыресе көрүнүш экенин, «Ата Мекен» партиясы кризиске кабыл болбогунун, учурда мурда болуп көрбөгөндөй бекем жана биримдиктүү экенин кошумчалады.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештеги “Ата-Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов 27-декабрда депутаттык мандаттан баш тартып, партиянын катарынан чыккан.

Ал партиянын лидери Өмүрбек Текебаев менен пикир келишпестиктен бул кадамга барганын жарыялаган.

Ошону менен катар Шыкмаматов “Жеке ар-намысым мен үчүн мандаттан да, кызматтан да жогору болуп келген. Бирок саясаттан кетпейм. Өзүм менен көз карашым төп келишкен саясатчылар, топтор менен биригем” деп, “Саясат Текебаевдин менчиги эмес” деп белгилеген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.