Коронавирус: Уханда 10 күндө бейтапкана курулду

Окуялар тизмеги 03 Фев 2020 18:47
0 ой-пикир

Кытайдын Ухань шаарында коронавирустун жаңы түрүн жуктуруп алгандарды дарылай турган оорукана алгачкы бейтаптарды кабыл алды. Бул тууралуу Хубей провинциясынын өкмөтүнүн билдирүүсүн РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

«Хошэньшань» ооруканасынын курулуш иштери 23-январда башталган. Жети миң жумушчу 10 күн ичинде күнү-түнү эмгектенишкен. Дүйшөмбү күнү эртең менен тез жардам унаасы аталган илдетти жуктуруп алган алгачкы топту алып келген.

Оорукананын аянты 25 миң чарчы метрди түзөт жана бир миңдей бейтапты өзүнө батыра алат. Кытайдын куралдуу күчтөрү ооруканага аскердик-медициналык институттан 1400 дарыгерди, Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунан, аскердик-медициналык илимий изилдөө институтунан 15 адисти жиберген.

Оорунун жайылышын алдын алуу максатында ар бир обочолонгон палатаны бөлүп турган кош айнектен турган каалга бар. Ал аркылуу бейтаптарга тамак-аш жана дары-дармектер берилет. Каалгадан өткөн баардык буюмдар ультра кочкул кызыл нурлардан өтөт.

Ошондой эле оорукана айлана-чөйрөгө жана жергиликтүү тургундарга коркунуч жаратпайт. Анткени бардык саркынды суулар дыкаттык менен тазалануудан өткөрүлөт.

Эскерте кетсек, Кытай бийлиги коронавирустун жайылышынан улам эки атайын оорукана курууну чечкен. Экинчи «Лэйшэньшань» ооруканасы бейтаптарды 6-февралдан баштап кабыл ала баштайт. Ал 60 миң чарчы метрди камтып, 1600гө чейин жатактарды койсо болот.

Акыркы маалыматтарга караганда, Кытайда тараган коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 17 миң 205ке жетип, 361 адам көз жумду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.