Кытайда тараган коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 17 миң 205ке жетип, 361 адам көз жумду. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.
«2-февралга алынган маалымат боюнча илдетти жуктуруп алгандардын саны 17 205ке жетсе, 2 миң 296 адамдын абалы оор. Ал эми 475 жаран ооруканадан чыгарылган», — деп айтылат маалыматта.
Билдирүүгө ылайык, Кытайда жекшемби күнү эле аталган ооруну жуктуруп алган 2 миң 829 учур катталган. Ошондой эле 57 жаран каза болгон.