Коронавирус АКШга жетти

Аалам, Окуялар тизмеги 03 Фев 2020 12:49
0 ой-пикир

АКШда коронавирустун жаңы түрүн жуктуруп алгандардын саны 11ге жетти. Бул тууралуу Сан-Бенито аймагынын Саламаттык сактоо министрлиги билдиргенин РИА Новости  агенттиги жазып чыкты.

Буга чейин АКШда илдетти жуктурган 9 учур катталган.

ABC7 телеканалынын маалыматына ылайык, аталган ооруну жуктуруп алган эки учур Сан-Бенито аймагында катталган.

«Коронавирусту жуктуруп алгандар 57 жаш курагындагы жубайлар болгон. Алардын бирөө (эркек) жакында Кытайдын Ухань шаарынан учуп келген. Эркекке жуккан илдет кийин аялына да жуккан», — деп айтылат маалыматта.

Аталган илдетти жуктуруп алгандар ооруканага жеткирилген эмес. Аймактын саламаттык сактоо кызматы үйдүн ичинде обочолонуп жашоо боюнча жубайларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

Акыркы маалыматтарга караганда, Кытайда тараган коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 17 миң 205ке жетип, 361 адам көз жумду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.