Ухандан 18 кыргызстандык атайын борт менен алып келинди

Окуялар тизмеги 02 Фев 2020 14:28
0 ой-пикир

Кыргызстан 2-февралда Кытайдын Ухань шаарындагы 18 жаранын алып келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, алар Бишкекке казак тараптын жардамы аркасында атайын борт менен Нур-Султан шаары аркылуу жеткирилди.

Алардын ден соолугу аэропорттон текшерилип, Бишкектин четиндеги ооруканага жаткырылды. Ухандан алынып келгендер карантинде болуп турат. Бул убакыт аралыгында алар менен дарыгерлер гана иштешет.

Соңку маалыматтарга караганда, Кытайда өпкөнүн сезгенишине алып келчү жаңы коронавирустан 304 адам өлүп, вирусту жугузгандардын саны 15 миң кишиге чамалады.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 1-февралда билдирүү таратып, бардык мамлекеттерди жер-жерлерде коронавирустун жайылышына даяр болууга чакырган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.