Коронавирус: Кытайдан башка өлкөдө илдеттен каза болгон адам катталды

Аалам, Окуялар тизмеги 02 Фев 2020 22:25
0 ой-пикир

Филиппинде 44 жаштагы адам жаңы коронавирустан каза болду. Бул биринчи жолу Кытайдан башка өлкөдө кимдир-бирөө вирустан өлгөн учур болуп калды. Бул тууралуу 2-февралда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билдирди.

Каза болгон жаран Кытайдын Ухань шаарынан вирусту жуктуруп баргандыгы айтылууда. Ал менен чогуу келген аялдан да жакында эле аталган вирустун белгилери аныкталган.

Филиппиндин Саламаттыкты сактоо министри Франсиско Дуке билдиргендей, учурда ал ооруканада жатат, ден соолугу калыбына келип, сакаюуда.

Буга чейин Филиппин өлкөсүнө Кытайдан чет өлкөлүктөрдүн кирүүсүнө чектөө киргизилген.

Соңку маалыматтарга караганда, Кытайда өпкөнүн сезгенишине алып келчү жаңы коронавирустан 304 адам өлүп, вирусту жугузгандардын саны 15 миң кишиге чамалады.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 1-февралда билдирүү таратып, бардык мамлекеттерди жер-жерлерде коронавирустун жайылышына даяр болууга чакырган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирустун чыкканы боюнча такталган учур катталган жок.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.