5 күндө Кыргызстанга Кытайдан 196 адам келди

Окуялар тизмеги 02 Фев 2020 16:38
0 ой-пикир

2020-жылдын 28-январынан 1-февралына чейин Кытайдан Кыргызстанга жалпысынан 196 адам келди. Алардын ичинен Кыргызстандын 182, Кытайдын 13, башка өлкөлөрдүн бир жараны бар. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын баары тепловизор аркылуу медициналык көзөмөлдөн өткөрүлдү. Вируска байланыштуу шек саналгандар аныкталган жок.

«Азыркы күнгө карата Сокулуктагы ооруканада — 3, Беш-Күңгөй айылындагы госпиталда — 4 адам текшерилүүдө. Абалдары канааттандырарлык. Калган 189 адам штабдын чечими менен жашаган жеринен медициналык кароодон өтүү үчүн коё берилген», — деп айтылат маалыматта.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.