ВИДЕО: АКШ элчиси визалык чектөө киргизүүгө байланыштуу билдирүү таратты

Окуялар тизмеги 01 Фев 2020 14:21
0 ой-пикир

31-январда Кошмо Штаттар иммигранттардын келүүсүнө убактылуу токтотулушуна алып келүүчү иммиграциялык жана «Грин-карт» (Diversity Visa) визаларын берүүгө чектөө киргизди.

Кыргыз жарандарына визалык чектөө киргизүүгө байланыштуу АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу билдирүү таратты.

Элчи Донлаьд Лу мындай деп билдирди:

— Вашингтондун айрым кыргыз жарандары үчүн виза чектөөлөрүн киргизүү чечими тууралуу бизге көптөгөн суроолор келип түштү. Бул чечим эмнеге таасир этет же этпейт, ушул тууралуу сиздер менен ачык сүйлөшкүм келип турат.

Бул — виза берүүгө толук тыюу салуу эмес. Бул визаларды туристтерге, ишкерлерге, жумушчуларга жана студенттерге берүүнү улантмакчыбыз.

Экинчиден, бул чектөөлөрдүн негизинде биз бир да визаны жокко чыгарган жокпуз. Эгер сиздин колуңузда визаңыз болсо, анда Кошмо Штаттарга жөнөсөңүз болот.

Вашингтон визалардын эки категориясын берүүнү убактылуу токтотууну чечти, иммигранттар үчүн жана бир катар өлкөлөр, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Грин-карт виза лотореясынын катышуучулары үчүн.

Эмнеге жана мындан ары эмне болоорун түшүндүрүп берүүгө уруксат этиңиздер. Сиздердин өкмөтүңүздөр менен бир кыйла убакыттан бери кыргыз паспортторунун коргоо деңгээлин жогорулатуу жана терроризм тууралуу өкмөт аралык маалымат алмашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келгенбиз.

Бул чечим Кыргызстанды аталган маанилүү кадамдардын ишке ашырылышын тездетүүгө багыттайт деп үмүттөнөбүз.

Вашингтон маал-маалы менен бул максаттарга жетишүүдөгү өнүгүүгө көз салып турат жана бул чектөөлөр тез арада алынып салынат деп үмүттөнөм.

Эгерде сиздерде иммиграциялык визалар жана (Грин-карт) виза лотореясы тууралуу суроолор болсо, биздин кийинки Facebook Live чаттагы баарлашуубузга катышыңыздар. Анда биздин визалык адистерибиз суроолоруңуздарга жооп беришет.

Мен сиздерди ишендиргим келет, биз бул маселелерди чечүү үчүн Кыргызстан менен бирге иш алып барабыз жана АКШга барууну пландап жаткан кыргыз жарандарына болгон жардамыбызды аянбай кызмат көрсөтүүнү улантмакчыбыз,- деди элчи мырза.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.