УКМК: Соттук аткаруучу пара менен кармалды

Окуялар тизмеги 31 Янв 2020 12:45
0 ой-пикир

Чүй облусунун Аламүдүн районунун сот аткаруу кызматынын бөлүмүнүн соттук аткаруучусу пара менен кармалды. Бул туурасында УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 37 жаштагы Н.Т. кызматтык абалынан пайдаланып, Ч.уулу Э. аттуу жарандан жол кырсыгы боюнча ачылган кылмыш ишин токтотуп берүү үчүн пара талап кылган.  Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө кечээ, 30-январда соттук аткаруучу иш бөлмөсүндө пара алуу учурунда кармалды.

Аталган сотко чейинки өндүрүш КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-б. (Пара талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган адам УКМК Тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кылмыш-иштин алкагында ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.