2019-жылы жарандардын даттанууларынан улам 58 салыкчы жазаланды

Окуялар тизмеги 31 Янв 2020 14:04
0 ой-пикир

Мамлекеттик салык кызматы 2019-жылы жарандардын кайрылууларынын жыйынтыгы боюнча 58 кызматкерин жазалады.

Жалпысынан 2019-жылы Салык кызматына салык төлөөчүлөрдөн 179 кайрылуу жана даттануу келип түшкөн. Алардын ичинен жазуу жүзүндө – 82 билдирүү, электрондук почта боюнча – 46, “ишеним телефонуна” – 48 жана ММК аркылуу – 3.

Келип түшкөн кайрылуулардын жана даттануулардын ичинен 119 арыз салык органдарынын кызматкерлеринин укуксуз иш аракеттерине тийиштүү болсо, 29 – ишкерлер тарабынан салык мыйзамдарынын ченемдеринин сакталбагандыгы боюнча маалыматтар, калганы салык мыйзамдарынын ар түрдүү маселелери боюнча болгон.

Салык органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттерине арыздар боюнча кызматтык текшерүүнүн жүрүшүндө 56 арыз боюнча фактылар тастыкталган эмес, 55 – тастыкталды, 3 – жарым-жартылай тастыкталды, 1 – кароо стадиясында турат жана 4өө маалымат үчүн.

Кабыл алынган тийиштүү чаралардын натыйжасында бир катар кызматкерлер тийиштүү жаза алышты, анын ичинде 4 кызматкер кызматтан бошотулду, 10 – катуу сөгүш, 16 – сөгүш, 17 – эскертүү жарыяланып, 6 кызматкерге катуу эскертүү берилди.

Салык төлөөчүлөр тарабынан салык мыйзамдарынын бузулуулары тууралуу 29 кайрылуунун ичинен текшерүүнүн жүрүшүндө 11 билдирүү боюнча фактылар тастыкталып, 2 – жарым-жартылай ырасталды. Мыйзам бузгандарга карата административдик жаза-чаралары колдонулду. 16 арыз боюнча фактылар тастыкталган жок.

2019-жылдын ичинде Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилигинин кабыл алуусунда 94 жаран болду, алардын ичинен 45 адам жеке маселе боюнча, салык мыйзамдарындагы маселелер боюнча – 38 адам, кадрдык маселелер боюнча – 10, коррупция маселеси боюнча 1 жаран болду.

Жарандардын жана салык төлөөчүлөрдүн кайрылууларын өз убагында ыкчам кароо максатында, Салык кызматында 0312613189 номери боюнча «ишеним телефону», 0779613189 “шыр байланыш” номери, электрондук кайрылууларды кабыл алуу үчүн info@sti.gov.kg электрондук дареги иштейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.