2019-жылы өкмөттүн аппаратына 5 миңден ашуун кайрылуу түштү

Окуялар тизмеги 31 Янв 2020 09:27
0 ой-пикир

2019-жылы Өкмөттүн Аппаратына жазуу жүзүндө 4308 жана оозеки 829 кайрылуу түштү, анын ичинде:

— Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынан – 634 (14, 7%);

— Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен – 756 (17,5 %);

— Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Коомдук кабылдамасына жеке кабыл алынган жарандардын жазуу жүзүндөгү кайрылуулары 646 (14,9 %);

— www.kattar.kg порталы аркылуу түшкөн электрондук кайрылуулар – 510 (11,8 %);

— башка байланыш каражаттары аркылуу түшкөн кайрылуулар  – 1762 (40,9%).

Жазуу жүзүндөгү кайрылуулардан сырткары учурда Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Коомдук кабылдамасына 356 жаран кайрылган, аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери кабыл алышкан, анын ичинен – 63 жаранды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилери кабыл алышкан. Кайрылган жарандар өздөрүнүн маселелери боюнча кеңири түшүндүрмөлөрдү жана консультацияларды алышты.

Республиканын бардык региондорундагы, КМШ өлкөлөрүнүн тургундарынан жана алыскы чет өлкөлөрдөгү жарандардан кайрылуулар келип түшүүдө. Эң эле көп арыз, даттануу жана сунуш Бишкек шаарынан — 1637 (37,9 %) жана Чүй облусунан түшкөн — 756 (13,6 %).

Арыз берүүчүлөрдүн негизги контингенти – улгайган пенсиялык курактагы адамдар жана башка социалдык аялуу категориядагы жарандар.

Жарандардын бардык жазуу жүзүндөгү, оозеки кайрылууларынын тематикасы боюнча маселелерди төмөнкү багыттарга бөлүштүрүүгө болот:

— социалдык кызматтардын иши, пенсия, жеңилдиктер, жөлөкпулдар тууралуу жана материалдык жардам көрсөтүү маселелери — 356 (8,2 %);

— агроөнөр жай, дыйкан жана фермердик чарбалардын маселелери жана жер маселеси – 353 (8,1 %);

— билим берүү жана илим маселелери — 323 (7,4 %);

— укук коргоо жана коопсуздукту камсыздоо маселелери — 301 (6,9%);

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына келип түшкөн кайрылуулар мыйзамда белгиленген мөөнөттө катталат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, Кыргыз Республикасынын министрликтерине жана ведомстволоруна (компетенциясы боюнча) кароого жана аткарууга берилет, бул кайрылууларда коюлган бардык маселелер боюнча арыз берүүчүлөргө жооп кайтарууга мүмкүндүк берет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.