Валентина Шевченко UFC рейтингинде экинчи сапка көтөрүлдү

Окуялар тизмеги 30 Янв 2020 10:22
0 ой-пикир

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко UFC уюмунун кыз-келиндер арасында эркин салмактагы рейтингинде экинчи сапка жайгашты. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында көрсөтүлгөн.

Уюмдун кыз-келиндер арасында эркин салмак категориясы жакында гана пайда болду. Буга чейин кыздар жана эркектер арасындагы мыкты мушкерлердин тизмеги жарыяланып турчу.

Жаңы түзүлгөн рейтингдин биринчи сабында бразилиялык Аманда Нунес турса, экинчи орунга кыргызстандык мушкер жайгашты.

Эскерте кетсек, Нунес менен Шевченко эки ирет беттешкен, экөөндө тең бразилиялык мушкер жеңишке жеткен.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.