Бишкектин экологиялык кырдаалын жакшыртуу программасы иштелип чыгат

Окуялар тизмеги 30 Янв 2020 11:37
0 ой-пикир

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарындагы экологиялык кырдаал боюнча кеңешме өткөрүп, аны жакшыртуунун илимий негизделген программасын ишке ашырууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Кеңешменин жүрүшүндө экологиялык уюмдардын да өкүлдөрү катышышып, Бишкек шаарындагы экологиялык жагдайдын актуалдуу маселелери талкууланды.

Премьер-министр борбор калаадагы экологиялык кырдаал шаардыктар жана шаардын тегерегиндеги жашоочулар үчүн бир кыйла олуттуу маселеге айлангандыгын айтты.

«Биз үчүн ыкчам түрдө таасирдүү чараларды болушунча көрүү жана экологияны жакшыртуу максатында кырдаалдын начарлашынын себептеринин конкреттүү тизмесин аныктоо маанилүү. Биздин бардык күч-аракетибизди бириктирип, эксперттик жана илимий коомчулуктун өкүлдөрүн, демилгелүү жарандарды тартуу кажет. Бул максаттарда биринчи вице-премьер-министрдин жетекчилиги алдында координациялык штаб түзүлгөн жана борбор шаардагы экологиялык кырдаалды жакшыртуунун стратегиялык программасы иштелип чыккан. Өкмөт бул документти сапаттуу ишке ашырууну камсыз кылуу, биз баарыбыз экология чөйрөсүндөгү жакшырууларды сезүүбүз үчүн зарыл финансы каражаттарды табат», — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы кыйла көйгөйлүү багыттар боюнча экологиялык жүктөмү азайтуу чараларынын конкреттүү топтому иштелип чыкканын өзгөчө белгиледи.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, бул биринчи кезекте жаңы жеңилдетилген финансылык инструменттерин киргизүү жолу менен калктуу конуштарды газдаштыруунун мастштабын кеңейтүү механизмдерин өркүндөтүүгө жана шаар курулушу, инфраструктураны өнүктүрүү чөйрөсүндөгү талаптарды карап чыгуу менен автотранспортту газга өткөрүү боюнча иштерди активдештирүүгө тийиштүү болот.

Премьер-министр экологиялык кырдаал боюнча маселе ар бирибизге тийиштүү, ошондуктан мамлекет тараптан да, экологиялык коомчулуктан дагы жана Бишкек шаарынын тургундарынан да өзгөчө көңүл бурууну талап кыларын белгиледи.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, жарандар арасында экологиялык билим менен маданияттын принциптерин пропагандалоо керек.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.