ВИДЕО: Кары адамдарды карактаган жаран кармалды

Окуялар тизмеги 29 Янв 2020 14:33
0 ой-пикир

«Туңгуч» кичирайонунда улгайган аялдын акча салынган баштыгын жулуп кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2019-жылдын 20-декабрында райондук милицияга Т.А. аттуу аял арыз менен кайрылып, белгисиз адам саат 15:00 чамасында «Туңгуч» кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн подъездинин жанында күч колдонуп баштыгын тартып алганын билдирген.

Баштыкта 2 даана «Самсунг» үлгүсүндөгү уюлдук телефон, капчык (ичинде 15 миң сом бар) жана өздүгүн аныктаган ID-паспорту болгон. Кылмышка шектүү белгисиз жакка из суутуп кетип, жабырлануучу тарткан жалпы чыгым 30 миң сомго бааланган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, «Уурулук» беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Иликтөөнүн жыйынтыгында уурулукка шектелип, 2000-жылы туулган  М.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алдын ала алынган маалыматка караганда, ал «ГУМдун» айланасында жүрүп, пенсионер аялдын банктык эсептен акча алганын байкап калган. Мындан кийин аялды үйүнө чейин аңдып барган. Тоноордун астында жабырлануучуну адаштырыш үчүн курткасын чечип койгон.

Октябрь райондук соту шектүүнү үй камагына чыгарды. Учурда кылмышка шектүүнүн башка окшош кылмыштарга тийиштиги бар же жогу аныкталууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.