Жаза аткаруу кызматы: Садыр Жапаров жатак абагына которулбайт

Окуялар тизмеги 28 Янв 2020 15:20
0 ой-пикир

Садыр Жапаровду жатак абагына которууга эч кандай мыйзамдуу негиз жок. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүмдөрдү аткаруу башкармалыгынын башчысы Бакыт Термечиков билдирди.

Анын айтымында, камакта отургандарды которуу маселесин атайын комиссия карайт.

«6-февраль күнү ал комиссия анын которуу маселесин карайт деген маалымат туура эмес. Биз кат түрүндө да Жапаровдун жактоочуларына жооп берип, ал адамды туткунга алуу беренеси боюнча соттолгондугу үчүн аны которуу мүмкүн эместигин билдиргенбиз», — деди ал.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Сот аны «Бейбаштык» жана «Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү» беренелери боюнча актап, бирок «Адамды туткунга алуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Сөз 2013-жылы Каракол шаарындагы митинг учурунда анын катышуучулары ошол убакта өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Эмилбек Каптагаевди туткунга алган окуя тууралуу болууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.