Насирбек Алмаматовду Интерпол аркылуу издемей болушту

Окуялар тизмеги 28 Янв 2020 18:43
0 ой-пикир

Мамлекеттик каттоо кызматынын Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматов Интерпол аркылуу издөөгө жарыяланышы мүмкүн. Бул тууралуу Октябрь райондук ИИБнин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Алмаматовду эл аралык издөөгө жарыялоо боюнча тиешелүү документтер Интерполго жөнөтүлгөн. Андан тышкары, ал КМШ аймагында мамлекет аралык издөө жарыяланат.

Эскерте кетсек, Бишкек шаардык унааларды каттоо бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насырбек Алмаматов 2018-жылдын 2-ноябрында кармалган. Тергөө билдиргендей, ал унаа каражаттарын каттоо жана кайра каттоодо коррупциялык схема түзгөн. 2019-жылдын март айында райондук сот аны 12,5 жылга эркинен ажыраткан. Бирок, июль айында шаардык сот өкүмдү өзгөртүп, ага 3,3 млн сом айып салып, камактан бошоткон. Кийин Жогорку сот шаардык соттун өкүмүн жокко чыгарып, биринчи инстанциядагы соттун 12,5 жылга эркинен ажыратуу чечимин күчүндө калтырган.

Президент Сооронбай Жээнбеков 24-январда Коопсуздук кеңешинин жыйынында Алмаматовдун эркиндикке чыгып, андан ары качып кеткенин сындап, «бул ишке сот менен прокуратура аралашканын» айткан. Президенттин бул сынынан кийин Алмаматовдун иши Бишкек шаардык сотунда каралып жатканда соттук жараянга мамлекеттик айыптоо тараптан катышкан прокурор кызматтан алынды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.