Өкмөт: 2020-жыл аймактарды өнүктүрүүдө бурулуш жыл болот

Окуялар тизмеги 28 Янв 2020 09:37
0 ой-пикир

2020-жыл өлкөнүн аймактарын өнүктүрүүдө бурулуш жыл болот. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн жыйынында билдирди.

«Акыркы 2 жылда социалдык инфраструктураны жакшыртуу, инвестицияларды тартуу жана аймактарда бизнести өнүктүрүү иштери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн функцияларды делегирлөө боюнча гана эмес, жер-жерлерде көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын финансы ресурстары маселелеринде олуттуу чечимдерди талап кылды», — деп билдирди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, район жетекчилери аймактардагы ишкерликти өнүктүрүү жана инвестициялык активдүүлүктү стимулдаштыруу боюнча стратегиялык милдеттерди аткарууга басым жасоо керектигин өзгөчө белгиледи.   

«Инвестициялык долбоорлорду тартуу жана аларды жүзөгө ашыруу, ошондой эле калктын актуалдуу маселелерин чечүү боюнча район жетекчилеринин ишмердүүлүгүнө кылдат талдоо жүргүзүлөт. Анын жыйынтыгы боюнча ар бир жетекчинин ээлген кызматына ылайык келүүсү жана келбөөсү боюнча  чечим кабыл алынат», — деди Премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Президентинин аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жөнүндө Жарлыгын аткаруунун алкагында былтыр бир катар көрсөткүчтөргө жетишилгенин белгиледи.

— киреше салыгын 70/30 өлчөмүндө кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен жергиликтүү бюджеттер кошумча түрдө 2,4 млрд. сом алышты ;

— 193,72 млн евро жалпы суммасына республиканын 20 шаарында жана 23 айылында суу менен камсыз кылуу жана суу бөлүү системаларын куруу жана реабилитациялоо боюнча иштер башталды;

— кошумча түрдө 730 га жаңы сугат жерлер пайдаланууга берилди жана 1 395 гектардан ашык аянттагы жер суу менен камсыздалды;

 — акыркы 5 жылда Региондорду өнүктүрүү фондуна 2 115,8 млн. сом келип түштү жана республиканын региондорунда 450дөн ашык долбоор ишке ашырылды. 2020-жылы дагы кошумча 420,0 млн. сомдун түшүүсү пландалууда;

— республиканын региондорунда ишканаларды финансылык жактан колдоо процесси ийгиликтүү аяктады, республиканын региондорунда 151 долбоорду ишке ашырууга 500,0 млн. сом өздөштүрүлдү жана 1 196 жумуш орду түзүлдү.

— региондор аркылуу өтүүчү эл аралык транспорт коридорлорунун 335,5 чакырым жолу реабилитацияланды жана оңдолду;

— республиканын райондук борборлорунда жалпы суммасы 600,0 млн. сом суммасына жалпы узундугу 139,8 км болгон көчөлөрдүн жана жолдордун 113 объектиси аяктады;

— республиканын аймактарында жалпы суммасы 1 151 191,4 миң сомго 147 мектептин жана 28 бала бакчанын курулушу жана реконструкциялоо башталды;

— ысык тамак берүү республиканын региондорундагы дагы 290 мектепке киргизилет;

— жалпы суммасы 147 929,3 миң сомго республиканын 12 медициналык мекемесинде курулуш жана реконструкциялоо иштери башталды;

— кошумча 62 эмкана курулду жана ишке киргизилди;

— ушул жылы республиканын аймактарында биринчи жолу айыл өкмөттөрүн булалуу-оптикалык кабелдер (БОК) аркылуу интернет байланышына кошуу процесси башталды. Бүгүнкү күнгө карата 345 айыл өкмөтү кошулду;

— 2019-жылдын сентябрынын акырына карата республика боюнча мамлекеттик мектептердин жалпы санынын 99,8%ы интернетке туташтырылды;

— кошумча түрдө 3 соода-логистикалык борбор ишке киргизилди.

Жыйындын жүрүшүндө Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев санариптештирүү жана аймактарды өнүктүрүү боюнча иш чаралардын планын комплекстүү түрдө жүзөгө ашыруунун маанилүүлүгүнө токтолду.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынынын соңунда тармактык мамлекеттик органдарга төмөндөгүдөй тапшырмалар берилди:

— 2021-2026-жылдарга карата аймактарды адистештирүү боюнча программанын долбоорун иштеп чыгуу;

—2020-2025-жылдарга карата Кыргыз Республикасында агроөнөржай кластерлеринин өнүгүүсүнүн комплекстүү планын иштеп чыгуу;

—иштебей туруп калган ишканаларды жандандыруу жана жаңы кубаттуулуктагы объектилерди ишке киргизүү боюнча чараларды кабыл алуу; 

—аймактардагы ишкерлерди колдоо үчүн финансылык-кредиттик мекемелердин талаптарын эске алуу менен бизнес-пландардын долбоорун иштеп чыгуу;

—аймактардагы ишкерлик субъектилер үчүн жеринде окутуу семинарларын өткөрүү;

—калкты тейлөөнүн Автоборборлорун түзүү боюнча чара көрүү.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.