Грин­-Кард алуу шарттары кыйла татаалдаштырылды

Окуялар тизмеги 28 Янв 2020 16:22
0 ой-пикир

АКШнын Жогорку соту президент Дональд Трамптын администрациясына грин-карта берүү шарттарын күчөтүүгө уруксат берди. Эми Америка администрациясы туруктуу жашоо үчүн уруксат берүүгө жаңы эрежелерди киргизе алат.

Green Card алуу процедурасы, бийликтин ою боюнча, мамлекеттик жөлөк пулга үмүттөнгөндөр үчүн кыйындамакчы.

Жаңы өзгөртүүгө ылайык, англис тилин төмөн билген, өзүн толук камсыздай албаган, жумушка орношууда кыйынчылык жараткан же эмделүүнү талап кылган, ден-соолугунда мүчүлүштүгү бар жарандарга грин-карта алууда кыйынчылык жаралат.

Бул өзгөртүүлөрдүн учурда Америкада качкын макамында, же муктаждыктын айынан жүргөн, бирок АКШ жарандыгы жок 22 миллион адамга көбүрөөк зыяны тийиши мүмкүн.

Green Card  АКШга иммиграциялоонун жолдорунун бири болуп саналат. Бул лотерея программасы 1990-жылы негизделген. Мунун жардамы менен ар жылы болжолу 50 миңдин тегерегиндеги мигрант АКШда туруктуу жашаганга укук алышат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.