Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркель абактагы Алмазбек Атамбаевди жаңы жылы менен куттуктады. Бул тууралуу маалыматты мурдагы президенттин уулу Кадыр Атамбаев Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, Атамбаевдин үй-бүлөсүнө жаңы жылдык куттуктоону бүгүн 28-январда ФРГнын Кыргызстандагы элчилиги тапшырган.