Кыргызстандын ЕАЭБдеги орду боюнча талкуу өтөт

Окуялар тизмеги 27 Янв 2020 09:10
0 ой-пикир

Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикте (ЕАЭБ) мүчө болуп киргенине быйыл беш жылдын жүзү болду.

Ушул мезгил аралыгындагы ийгиликтерге же утулушка жетишкенин эксперттер бүгүн тегерек үстөл форматында талдашат. Иш чаранын аталышы — «Кыргыз экономикасынын биримдиктеги атаандаштык жөндөмү». Ага өлкөнүн ар тарабынан чакырылган ишкерлер, экономисттер жана расмий бийлик өкүлдөрү катышуусу күтүүлүдөө.
Талкууда Кыргызстан биримдиктин толук кандуу мүчөсү экенине карабай, айрым бир союздаштар тарабынан туура эмес саясат жасалып жатканы жөнүндө да сөз болот.

Эске сала кетсек, Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылы мүчө болуп кирген. Белгилей кетсек, уюмга Кыргызстан, Казакстан, Россия, Белоруссия жана Армения кирет

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.