Өкмөт башчы: Элибиз мамлекеттик органдарга караганда коомдук кеңештерге көбүрөөк ишенет

Окуялар тизмеги 26 Янв 2020 10:27
0 ой-пикир

Калк мамлекеттик органдарга караганда коомдук кеңештерге көбүрөөк ишеним артат. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев «КР мамлекеттик органдарынын ишинин ачыктыгын арттыруудагы мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин орду» аталышындагы жыл сайын өткөрүлүүчү конференцияда билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук кеңештер мамлекеттик органдарга кыйла жардам көрсөтүүдө.

Абылгазиев, өзүнүн ишин четке коюп, маяна албастан иштеп жаткан коомдук кеңештерге жогору баа берерин белгиледи.

Ал, Кыргызстанда мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук кеңештер 2010-жылы түзүлгөнүн айтып өттү.

«Мамлекеттик органдардын бардык эле жетекчилери макул боло берген эмес. Алар, кедергилер жаралат дешкен. Бирок бүгүн ал туура иш болгонун көрүп жатабыз» , — деди ал.

Аны менен бирге өкмөт башчы, коомдук кеңештерди түзүүнүн максаттары тууралуу айтып өттү: коррупцияга каршы күрөш, стратегиялык маселелерди чечүү, программаларды кабыл алуу, бюджеттик каражаттарды ачык-айкын бөлүштүрүү, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү, калкка маалымат жеткирүү.

«Калк мамлекеттик органдарга караганда коомдук кеңештерге көбүрөөк ишеним артарын көпчүлүк билет», — деди ал.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.